Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:08

Беларус активисттер Оршадагы согуштун 500 жылдыгын белгилешти

Ондогон беларус активисттери бийлик тыюу салганына карабай Орша шаарынын жанындагы согуштун 500 жылдыгын белгилешти. 1514-жылы 8-сентябрда Улуу Литва княздыгынын аскерлери Польша королунун армиясы менен чогуу  Крапивна дарыясында Улуу Москва княздыгынын колун талкалаган. Ал кезде беларус жери Улуу Литва княздыгына баш ийген. 8-сентябрда православ жана католик диниятчылар Орша шаарынын ныптасындагы Крапивенск талаасында диний зыяпат өткөрүштү. Активисттер жыгач крестерди жана беларусттардын тыюу салынган тарыхый кызыл-ак желегин көтөрүп жүрүштү. Алар Минсктеги борборук аянттагы имараттардын бирине кадап койгон төрт чарчы метрлик кызыл-ак тууну милиция 90 мүнөткө жеткирбей алып салды.  

XS
SM
MD
LG