Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Обама ал-Абадини согушчандарга каршы тыгыз кызматташууга үндөдү


АКШ президенти ирактыктарды жаңы өкмөтүнүн бекитилиши менен куттуктап, "Ислам мамлекети" уюмунун согушчандарына каршы өз ара тыгыз кызматташууга үндөдү.

Ак үйдүн кабарлашынча, Барак Обама премьер-министр Хайдар ал-Абадиге 8-сентябрда парламент жаңы өкмөттү бекиткенден кийин телефон чалган. “Президент премьер-министр Абадинин жана башка Ирак лидерлеринин кеңири курамдагы жаңы өкмөттү түзүү аракетин жактап, "Ислам мамлекетинин" коркунучуна каршы туруу үчүн АКШ жана Ирак эл аралык коомчулук менен эриш-аркак иштөөнү уланта бериши керектигин баса белгиледи” деп айтылат Ак үйдүн 9-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Ал-Абади дүйшөмбү күнү парламентте сүйлөп, мыйзамсыз куралдуу топторго тыюу салынат деп сөз берген.

 

XS
SM
MD
LG