Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

АКШга эбола жуктурган төртүнчү жаран жеткирилди


Атланта шаарындагы ооруканага эбола вирусун жуктуруп алган төртүнчү америкалык жаран 9-сентябрда жеткирилди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ал Батыш Африкадагы Сьерра-Леон мамлекетинде дарыгер болуп иштеген. Ал АКШга атайын учак аркылуу алып келинди.

Өткөн айда илдетти жуктуруп алган америкалык эки кишини дарылоо ийгиликтүү болгону кабарланган. Дагы бир адам Небраска штатындагы Омахи шаарында ооруканада жатат.

Быйыл Батыш Африка өлкөлөрүндө жайылган эбола вирусу 2200 кишинин өмүрүн алды. Ооругандар арасында дарыгерлер да көпчүлүктү түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG