Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Орусия Украина маселесин талкуулоодон баш тартты


Орусия өкмөтү эл аралык Amnesty International укук коргоо уюумунун өкүлдөрү менен жолугуудан баш тартты. «Эхо Москванын» билдиришинче, алар Украинанын түштүк-чыгышындагы абалды талкуулашмак. Аталган уюмдун баш катчысы Салил Шеттинин билдиришинче, аларда куралдуу кагылыштарга Орусиянын катыштыгы бар экени тууралуу далилдер бар. Amnesty International орус аскер техникаларынын Украинанын чыгышында жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган. Бул сүрөттөр спутниктен тартылып алынган.

Мурда Орусия Украинадагы аскерий аракеттерге катыштыгы бар деген маалыматтарды четке кагып келген. Бирок расмий Москва Amnesty International уюмунун маселени талкуулоо сунушуна макул болгон жок. Анын себептери да түшүндүрүлгөн эмес.

Лондондо жайгашкан эл аралык укук коргоочу уюм 7-сентябрда жарыялаган докладында жаңжалга катышкан тараптарды согуш мыйзамдарын бузууну токтотууга үндөгөн. Анын авторлору беш айдан бери уланып келаткан куралдуу кармаш учурунда “туш келди аткылоо, адамдарды уурдоо, кыйноо жана өлтүрүү” фактылары катталганын белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG