Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Порошенко «Санкциялар жөнүндө» мыйзамга кол койду


Бул мыйзам Киевдин Орусияга каршы санкцияларды киргизүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу документ Украинанын Жогорку Радасынын сайтында жарыяланды. Аталган мыйзам энергоресурстарын ташууга, Украинанын аймагы аркылуу учуу, соода операцияларын басаңдатуу жана активдерди токтотуу сыяктуу чектөөнүн 29 түрүнө уруксат берет. Мындай чектөөлөр Укринанын коопсуздугу, өлкө бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн сактап калуу максатында жасалышы мүмкүн экени айтылат. Санкция киргизүү тууралуу сунушту эми Украинанын Коопсуздук жана коргонуу улуттук кеңеши карап чыгышы керек.

Аталган мыйзамды Украин парламенти 14-августта кабыл алган. Аны депутаттардын 244ү колдогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG