Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Шойгу Малайзия учагынын кулашына Киевди күнөөлөдү


Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу малайзиялык кесиптеши Хишамуддин Хусейн менен жолуккан учурда билдирди. “Эгер Украина өзүнүн ички проблемаларын күч колдонбой чечкенде бул каргаша болмок эмес”,- деди ал.

Малайзиянын коргоо министри Хишамуддин Хусейн "Боинг" учагынын кулашын иликтөө боюнча сүйлөшүү үчүн бүгүн Москвага барган. Мунун алдында ал Киевде авиакырсыкты иликтеген украин топтун башчысы Владимир Гройсман менен жолуккан. Мындан кийин Нидерландыга учуп кетет.

Быйыл 17-июлда Чыгыш Украинанын ошол кезде орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Торез шаарынын жанынан Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан жүргүнчү учак кыйраганда, 298 киши мерт болгон. Алардын 196сы Нидерландиянын жарандары эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG