Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Оштогу жол талаш


Оштогу жол талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00

Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунун тургундары менен Кара-Суу районунун "Ак-Буура-3" жаӊы конушунун жашоочулары ортосундагы жол талашка чекит коюла элек. Кара-Суу районуна караштуу Ак-Буура-3 жаӊы конушунун тургундары шаарга түз чыгуу үчүн Ак-Тилектин 11-көчөсүнө улай Учар каналына көпүрө курушкан. Бирок Ак-Тилектин 11-көчөсүнүн айрым тургундары жаӊы конуштун тургундарынын ал көчөдөн өтүүсүнө каршы болуп, көчөнүн башын бийиктиги 2 метр бетон менен тосуп жатышат. Ак-Тилектин жашоочулары көпүрө курулса, көчөдө каттам көбөйүп, тынчтык жоголот деген жүйөнү карманып жатышат. Көпүрөнүн курулушу Кара-Суу райондук жана Ош шаардык архитектурасы тарабынан макулдашылганы менен Ош шаардык архитектурасы каналга көпүрө курууга уруксат берип, бирок кайсы көчөгө туштоо керектигин так көрсөткөн эмес. Ак-Тилек кичирайону 1992-жылы курулган. Ал эми Кара-Суу районунун Ак-Буура-3 конушу 2003-жылы пайда болгон. Учурда жаӊы конушта 2 миӊдей адам жашайт.

XS
SM
MD
LG