Филолог, түрколог Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаеванын сөөгү бүгүн Каракол шаарында жерге берилет. Коштошуу зыйнаты түшкү саат бирде Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы драма театрда өтөт.
Айша Карасаева 10-сентбярь күнү 103 жаш курагында дүйнө салды. Ал 1912-жылдын 8-мартында жарык дүйнөгө келген. 1927-жылы «Жабык араба» фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул кинодо Карасаева Айжамалдын ролун ойногон.
Ошондой эле 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору болуп саналат. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте кыргыз тилинин стенографиясы боюнча сабак берген. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон. (SE)