Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Ошто "Палестинага согушка барам" деген тажик жараны кармалды


Алдын-ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, 45 жаштагы тажик жараны 11-сентябрга караган түнү Ош аэропортунан Түркияга учуп жаткан жеринен кармалды. Ал милицияга берген көрсөтмөсүндө жөөттөрдөн жабыркаган палестиналыктарга жардам берүү максатында жолго аттанганын айткан. Үйдөгү малын сатып, билетке акча топтогон. Түркия аркылуу Палестинага жана Сирияга барууну максат кылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Учурда кармалган жаран Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайында. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, кармалган жаран коңшу өлкөнүн Спитамен районунун тургуну. Үч кыз, бир уулдун атасы. Мурда бейбаштык кылганы үчүн соттолгон. (SE\AzK)

XS
SM
MD
LG