Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Атамбаев Дүйшөмбү шаарында Рахмон менен жолугат


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев менен тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун жолугушуусу 12-сентябрда болот.

Шанхай кызматташтык уюмунун Тажикстанда өтчү кезектеги саммитине катышуу үчүн бүгүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Дүйшөмбүгө жөнөп кетти. Делегация курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, унаа жана байланыш министри Калысбек Султанов, Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшембиев, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков бар.

11-13-сентябрь күндөрү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити "Кызматташуу, биргелешип өнүгүү жана гүлдөө" деген ураан астында уюштурулууда. Ага Кыргызстандан тышкары Орусия, Өзбекстан, Ооганстан, Казакстан, Кытай, Монголия, Түркмөнстан, Ирандын президенттери, Пакистандын премьер-министри катышат. Ошондой эле жети эл аралык уюмдун жетекчилери келет.

Бүгүн кечинде президенттердин бейформал жолугушуусу жана “Достук кечеси” аттуу концерт болот.

12-сентябрда расмий сүйлөшүүлөр болуп, жыйынтыгында Дүйшөмбү декларациясына кол коюлат.

Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылкы саммити Бишкекте болгон. (SE\UeZ)

XS
SM
MD
LG