Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

"Ар-намыс" Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси менен чыкты.

Бул тууралуу бүгүнкү фракция жыйынында анын лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, фракциядагы демилгечи топ референдумга төрт маселени коюуну мерчемдеп жатат. Алар: өлкөнүн аталышын Кыргыз Эл республикасы деп өзгөртүүнү, жаңы окуу жылды 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу, Жогорку Сотко президиум деген органды кайтаруу жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу.

Куловдун айтымында, бул маселелер коомчулук жана Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Ошондуктан, аларга тактык киргизүү зарылчылыгы турат.

Кыргызстандын учурдагы Баш мыйзамы 2010-жылы 27-июндагы референдумда кабыл алынган. Анда аны өзгөртүүгө 2020-жылга чейин мораторий киргизилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG