Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Атамбаев чек арадагы ишенимди күчөтүүнү сунуштады


Дүйшөмбүдө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда чек арадагы ишенимди күчөтүү боюнча келишимдерди түзүүнү сунуштады. Саммиттин кеңири жыйынында сүйлөп жатып кыргыз президенти чек аралаш аймактардагы коопсуздукту камсыз кылуу ШКУнун башкы максаттарынан бири болушу керек экенин белгиледи.

Бул уюм түзүлгөндөгү негизги келишимдердин бири аскердик кызматташтыктагы ишенимди жогорулатуу жөнүндө болгонун эске салган Атамбаев аймак чек арадагы ишенимди күчөтүү боюнча атайын келишимге муктаждыгын билдирди.

Буга чейин кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларындагы такталбаган аймактардан улам мезгил-мезгили менен жаңжалдар чыгып келген.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG