Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Франция президенти Иракка барды


Анын визити АКШ жетектеген экстремизмге каршы күрөш планына ылайык «Ислам мамлекети» радикал тобунун согушкерлерине каршы абадан сокку урууга даярданып жаткан учурга туура келүүдө.

Олландын сапары Ирактын президенти Фуад Масумду колдоо катары да сыпатталууда. Франция лидери президент, парламент төрагасы, өкмөт башчы менен жолугат.

Олланд учуп келген учак Иракка 15 тонна гуманитардык жүк ала келди. Бул жардам Ирактагы Күрдистандын борбору Эрбил шаарына жөнөтүлөт. Күрт куралдуу күчтөрү “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкөн Ирактагы негизги күчтөрдүн бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG