Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Орусияга каршы санкциялар күчүнө кирди


Евробиримдиктин Орусияга карата жаңы санкциялары бүгүнтөн баштап күчүнө кирди. Санкциялар тууралуу маалымат бүгүн биримдиктин расмий журналына жарык көрдү.

Жаңы санкцияларга ылайык, “кара тизмеге” "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпром нефть", “Уралвагонзавод” компаниялары киргизилди. Шаркеттин мүчөлөрүнө аларды каржылоого жана насыя берүүгө мындан ары тыюу салынмакчы. Жазалоочу чараларга ошондой эле Орусиянын коргонуу тармагында иш алып барган фирмалар кабылды. Алар менен иш жүргүзүү кыйла чектелди. Мындан сырткары «кара тизмеге» жаңыдан киргизилген 24 адамдын каржылык активдери токтотулат.

Евробиримдиктин башчысы Херман Ван Ромпей Украина чыгышындагы ок атышпоо келишиминин аткарылышы боюнча анализдин жыйынтыгына карап сентябрдын соңунда бул санкциялар алынышы мүмкүн экенин билдирди.

АКШ жана Евробиримдиктин бул чечими Москванын Украинага жасаган “мамилесине” жооп экени белгиленген.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Евробиримдиктин кезектеги санкцияларын Москва өкүнүч менен кабыл алганын белгилеп, бул чечимди «мыйзамсыз» деп атады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG