Бул тууралуу бүгүн Түндүк Америка континентинин аба-космостук коргонуу боюнча биргелешкен жетекчилигинин төрагасы Чарлз Марш билдирди. Машыгууну токтотуу чечимин АКШнын Коргоо министрлиги жана Канаданын премьер-министри Стивен Харпер кабыл алды. Бул Украинадагы соңку кырдаалдарга байланыштуу экени айтылды. Абадан коргонуу машыгуусу быйыл Аляска жээгинде болушу керек эле. Ага Жапониянын коргонуу күчтөрү катышары да айтылган. (КЕ)