Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Кытайда темир жолдогу кандуу окуяга байланыштуу сот башталды


Кытайдын жергиликтүү маалымат каражаттары 1-мартта болгон кандуу окуяга байланыштуу төрт киши айыпталып жатканын жазып жатышат. Кытайда Куньмин шаарынын станциясында 1-мартта бычактар менен куралданган кишилер айланадагыларды туш келди сая башташкан. Бул окуяда кеминде 29 киши каза таап, 140ка жакыны жарадар болгон.

Ошол учурда шектүү төрт киши полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Бийлик окуяны Шинжаң Уйгур автономиялуу аймагынын жикчилери уюштурган теракт деп сыпаттаган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG