Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

ШКУ: Дүйшөмбү декларациясына кол коюлду


Бүгүн Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жыйынтыгында декларация кабыл алынды. Анда Ооганстанды калыбына келтирүүдө БУУ баштаган дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу зор мааниге ээ экени, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы кырдаалды кеңири диалог жана бардык тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен чечүүгө болорун, Украинадагы абалды тезинен жөнгө салуу жана аны сүйлөшүү жолу менен ишке ашыруу керектигин жана экономикалык кызматташтыкты бекемдеп, орток фонд түзүү зарылдыгы тууралуу айтылат.

Эмки саммит 2015-жылы Орусиянын Уфа шаарында өтмөкчү.

Шанхай кызматташтык уюмуна Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Иран, Индия, Монголия, Ооганстан жана Пакистан байкоочу деген макамга ээ. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG