Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Орусияда быйыл 50 миң кыргызстандык жумушка уруксат алды


Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын сегиз айында Орусияга 421 миң кыргызстандык кирсе, 375 миңден ашык кыргыз жараны бул өлкөдөн чыккан. Алардын ичинен 50 миңден ашык адам жумушка орношуу боюнча уруксат кагазын алган. Ал эми 106 миңден ашууну бул өлкөдө эмгектенүү укугун берген патент алган. Алынган патенттердин жарымынан ашыгы тейлөө кызматтары үчүн, 22 пайызы курулуш, калгандары соода, транспорт тармагында болгон.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 580 миңден ашык кыргызстандык мигрант эмгектенип жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG