Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

ШКУ лидерлери Минск келишимин колдоду


Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Дүйшөмбүдө өтүп жаткан саммитте Украинадагы абалды тынчтык жолу менен чечүү планын, ошондой эле Минск келишимин колдоду. ШКУ лидерлери бул аймактагы жаңжалдар чечилмейинче сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырды.

ШКУнун саммитинде расмий сүйлөшүүлөр бүгүн башталды. Ага уюмга мүчө өлкөлөр: Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын президенттери катышууда. Анда аймактагы коопсуздук, терроризм, экстремизм, мыйзамсыз маңзатка каршы күрөшүү жана Украинадагы кырдаал талкууланды.

Саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынан сырткары Иран, Индия, Монголия, Ооганстан жана Пакистандын мамлекет жетекчилери катышты. Бул өлкөлөр байкоочу макамга ээ. (КЕ)

XS
SM
MD
LG