Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда “Центерра Голддун” юристтери менен өкмөт өкүлдөрү жаңы түзүлө турган биргелешкен ишкананын укуктук маселелерин талкуулап жатышат. “Центерранын” өкүлдөрү жоопкерчилиги чектелген коом түзүлсүн десе, кыргыз өкмөтү болсо акционердик коом түзүүнү сунуштап жатат.
Оторбаевдин айтымында, жакынкы күндөрү бул боюнча чечим кабыл алынып, келишимдер ушул айдын аягына чейин парламентке жөнөтүлөт.
Буга чейин “Центерранын” жетекчилиги Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштеринен чочулап, Бишкекке келбей жаткан эле. Ушул жылы февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек.(BkA)