Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Чолпон-Атада көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды


Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи. Чолпон-Ата шаары, 14-сентябрь, 2014-ж.
Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи. Чолпон-Ата шаары, 14-сентябрь, 2014-ж.

Ысык-Көлдө өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 55 медал менен алдыңкы орунду Кыргызстандын спортчулары ээледи. Медалдардын 16сы алтын, 20сы күмүш жана 19у коло. Экинчи орунга 28 медал топтогон Казакстан чыкты. Аларда 10 алтын, 9 күмүш жана 9 коло медал бар. Ал эми үчүнчү орунду Түркмөнстандан келген спортчулар ээледи. Алар колго кириткен 6 медалдын үчөө алтын, үчөө коло.

Оюнга катышуу үчүн 19 мамлекеттен келген 430 спортчу 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин көчмөндөргө таандык спорттун 10 түрүнөн күч сынашты.

Жекшембиде кечинде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында көчмөндөр оюндарынын расмий жабылуу аземи болду. Кыргызстандык жана чет элдик ырчы-чоорчулардын катышуусундагы театрлаштырылган салтанат КТРК, 5-канал, НТС, ЭлТР жана эл аралык “Мир”, ТРТ-Аваз телеканалдарды аркылуу түз алып көрсөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG