Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Көчмөндөр оюнунда эки күлүк жан берди


Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөр оюнунундагы аламан байгеде эки күлүк жан таслим болгонун "Азаттыкка" бүгүн Улуттук оюндар борборунун башчысы Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, чабандестер аттарды катуу чаап койгондуктан дем жетпей калган. Өлгөн аттардын бири 7-орунду алган “Ероша” марадан өтүп жан берген. Дагы бир Кыргызстандын “Саратан” аттуу күлүгү аламан байгенин 10-айлампасында мүрт кеткен.

14-сентябрда Чолпон-Ата ат майданында өткөн аламан байгеде “Карат байыр” деп аталган кыргызстандык күлүк чыгып 1 млн. сом, 2-орунду Казакстандан “Кара кусу” багынтып 500 миң жана 3-орунду “Тачанка” аттуу күлүк алып, 300 миң сом байгеге татыган.

Аламан байгеге ат салышкан күлүктөр 22 чакырымды басып өтүшкөн. Жалпы байге фонду 2,2 млн. сомду тузүп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан 25 күлүк катышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG