Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Токмокто мунай заводдун ишин токтотууну талап кылышууда


Токмокто жүзгө жакын адам Кытайдын мунайды кайра иштетүүчү заводунун курулушун токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу акция катышуучуларынын бири, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин башчысы Замир Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, митингге чыккандар завод экологияга зыян алып келет деп курулушту тезинен токтотуу талабын коюп жатышат. Эгер талаптар аткарылбаса боз үй тигип, жол тосушат.

Заводдун жабылышын талап кылгандар 28-августта да митинг өткөрүп, талаптар аткарылбаса каршылык акциялар уланарын билдиришкен.

Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод Кытай менен биргеликте курулууда. Аны быйыл күзүндө ишке киргизүү мерчемделип жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG