Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Өкмөт башчы жол тоскондорго катуу чара көрүүнү тапшырды


Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалды талкуулап, коомдук тартипти камсыз кылууда алардын иши жетишсиз деп сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчысы өлкөдөгү стратегиялык жолдорду буугандарга жана тоо кендериндеги өзүм билемдикке мыйзам чегинде катуу чараларды көрүүнү күч түзүм башчыларына тапшырды.

Өз кезегинде тиешелүү органдардын жетекчилери өлкөдөгү азыркы кырдаал туруктуу экенин билдиришти.

Кеңешмеге вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган сот, прокуратура жана күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты. (UEz)

XS
SM
MD
LG