Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

Нарында Түлеевдин жактоочулары митинг өткөрөт


16-сентябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында Нариман Түлеевдин абактан бошотулушун талап кылган митинг өтөт. Бул тууралуу нааразылык акцияны уюштуруп жаткандардын бири Эркин Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, митингге 500гө жакын адам чыгып, бийликтен Түлеевдин боштулушун жана электр энергиясына бааларды көтөрбөөнү талап кылат.

- Буга чейин камалгандардан Түлеевден башкасы баары чыкты. Биз сот адилет өтүп, анын абактан чыгарылышын талап кылабыз. Эртең митингде ушул маселени коёбуз. Жол тособуз деп коркутпайбыз, талаптар аткарылганча тынч гана митингдер өтөт, - деди Асаналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG