НАТОнун Баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бул альянска эң чоң коркунуч туудуруп жаткандар деп Ирактагы өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялап алган топту жана Украинага байланыштуу Орусия менен мамиленин чыңалуусун атады. Ал ошондой эле НАТО эркиндикти коргогон, бирок ошол эле учурда күч колдонууга даяр турган уюм болушу керектигин баса белгиледи.
Дүйшөмбү күнү Брюсселде Карнеги фондунда сүйлөп жатып Расмуссен азыркы орус бийлиги "кансыз согуш" аяктагандан бери Европада сакталып келаткан тынчтыкты камсыз кылып турган "бардык эрежелерди жана милдеттенмелерди бузуп, Украинага каршы мыйзамсыз күч колдонуп жатканын" айтты.