Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Түлеевдин тарапкерлери Нарында митинг кылат


Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында Нариман Түлеевдин абактан бошотулушун талап кылган митинг өтөт. Бул тууралуу нааразылык акцияны уюштуруп жаткандардын бири Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, акцияга чыккандар бийликтен Түлеевдин бошотулушун жана электр энергиясына бааларды көтөрбөөнү талап кылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен 2012-жылы августта камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат.

XS
SM
MD
LG