Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Обама эбола менен күрөшүү планын жарыялайт


Либерияда медициналык кызматкерлер эболадан каза тапкан адамдын сөөгүн алып кетип жатышат. 9-сентябрь, 2014-жыл.
Либерияда медициналык кызматкерлер эболадан каза тапкан адамдын сөөгүн алып кетип жатышат. 9-сентябрь, 2014-жыл.

АКШ президенти Батыш Африкада жайылып жаткан бул илдетке каршы күрөшүү планын бүгүн Атланта шаарында, ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борбордо жарыялаганы жатат.

Маалыматтарга караганда, АКШ администрациясы Батыш Африкага 3000дей аскер кызматчысын жөнөтөт. Алар жергиликтүү бийликтерге медициналык жана логистикалык жардам көргөзүп, эпидемияга кабылгандарды изоляциялоо жана дарылоо үчүн талап кылынган керебеттердин санын көбөйтүү багытында иш жүргүзөт.

Обама администрациясы акыркы апталарда эпидемияга каршы жеткиликтүү чара көрбөгөнү үчүн сынга алынып жаткан эле.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунунун эсебинде, Батыш Африкада эболадан азыркыга чейин 2400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. ( UE)

XS
SM
MD
LG