Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Көп балалууларга кошумча жөлөкпул берүү сунушталды


Жогорку Кеңеште үй-бүлөдөгү үчүнчү баладан соң ар бир балага 300 миң сомдон берүүнү караган мыйзам долбоор сунушталды. Мыйзамдын демилгечиси Айнуру Алтыбаеванын айтымында, долбоор үй-бүлөнү колдоого жана демографиялык абалды жакшыртууга багытталган. Бул үчүн жылына болжол менен 7,5 миллиард сом керектелет. Бул каражатты Кумтөр сыяктуу ишканалардын эсебинен төлөө сунушталууда.

Бирок өкмөт буга каршы чыгып, учурда бюджетте каражат тартыштыгынан мындай чыгымды жаба албасын билдирүүдө.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG