Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Украина жана Еврошаркет ассоциация келишимин ратификациялады


Украинанын Еврошаркет менен саясий жана экономикалык жактан жакындашуусун караган келишим Киевде - украин парламентинде жана Страсбургда –Европа парламентинде бир эле учурда ратификацияланды.

Украин президенти Порошенконун айтымында, бул келишим анын өлкөсү Еврошаркетке мүчө болушу үчүн "биринчи маанилүү кадам".

Былтыр мурдагы президент Януковичтин ушул келишимге кол коюудан баш тартышы аны бийликтен кулаткан нааразылык акцияларын тутанткан эле.

Ошол окуялардын арты Орусия Крымды аннексиялоосуна, Чыгыш Украинада жикчил кыймыл чыгышына алып барды.

Өткөн аптада Еврошаркет менен Украина Орусиянын талабын орундатып, ассоциация келишиминин “эркин соода” бөлүгүн ишке ашырууну 2016-жылга чейин калтырууну макулдашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG