Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, эбола вирусу менен күрөшүүдө бир миллиард долларга барабар акча керек. Эгер илдет жуктургандардын саны көбөйсө, бул каражат дагы өсөт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун шейшембидеги билдирүүсүнө ылайык, Батыш Африка мамлекеттеринде вирусту 4985 киши жуктуруп, алардын 2400дөн ашууну каза болду.
Уюмдун адистери эбола эпидемиясын “биздин учурдун аналогу жок” кризиси деп атап, илдетке кабылгандар саны 20 миңге жетиши мүмкүн экендигин божомолдоп жатат.
АКШ бийлиги эпидемияга кабылгандарды изоляциялоо жана дарылоого көмөк көрсөтүү максатында Батыш Африкага 3000дей аскер кызматчысын жөнөтмөкчү.