Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:09

Израил аскерлери Газа тилкеси тараптан кайрадан ок атылганын айтууда


Газа аймагынан Израилди карай шейшемби күнү минометтон ок атылганы тууралуу жөөт аскерлери билдирүү таратты. Бирок андан эч ким жабыркаган жок жана кыйроолор болгон эмес.

Бул ХАМАС уюму менен Израил армиясы ортосундагы тынчтык келишиминен кийинки алгачкы чабуул. Бирок ХАМАС өкүлдөрү шейшемби күнкү ок атуу жөнүндө эч нерсе билбей турганын айтууда.

Быйыл жайында жүздөгөн кишилердин өмүрүн алып, жөөт армиясы менен ХАМАС уюмунун ортосунда жети аптага созулган согуш 26-августта токтогон болчу.

XS
SM
MD
LG