Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Бишкекте газдын баасы 3,4 сомго арзандайт


1-октябрдан тарта Бишкекте жана түндүк аймактарында газдын баасы 3 сом 40 тыйынга арзандайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Газпром Кыргызстан” компаниясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тарта бишкектиктер 1 куб метр газды 12 сом 95 тыйындан ала баштамакчы. Буга чейин 16 сом 35 тыйындан сатылып келген.

Быйыл апрель айында “Кыргызгаз” ишканасы орусиялык “Газпром” компаниясына сатылган. Анын ордуна “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев “Газпром” компаниясы 1000 куб метр газды 165 доллардан алып келүүгө макул болгонун, мындан улам анын баасы арзандарын билдирген болчу. Буга чейин Казакстандан 1000 куб метр газ 224 долларга сатып алынчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG