Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Евтушенковдун камалышы "Система" акцияларынын арзандашын шарттады


Орусиялык «Система» холдингинин жетекчиси Владимир Евтушенков үй камагына алынганы тууралуу кабар тарагандан кийин Москва биржасында бүгүн аталган компаниянын жана ага таандык ишканалардын акцияларынын баасы кескин төмөндөп кетти. "Роснано" компаниясынын жетекчиси Анатолий Чубайстын пикиринде, Евтушенковдун камалышы "экономикасы анысыз деле токтоп бараткан Орусиянын бизнес-климаты үчүн өтө чоң сокку" болду.

Айрым маалымат каражаттары Евтушенковдун тегерегиндеги азыркы окуяны ЮКОСтун иши менен салыштырып, буга Кремлдин тиешеси бар деп жатат. Бирок орус президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай шек саноо негизсиз экенин билдирди.

"Система" холдингине мунай иштетүү, медицина, банк, машина куруу тармактарындагы бир катар ири ишканалар кирет. Евтушенков арам акчаны адалдоого барган деп айыпталып кечээ, 16-сентябрда бир айга үй камагына алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG