Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Косоводо 15 имам камакка алынды


Алар Ирак менен Сириядагы согушкерлердин катарына кошуу үчүн албан улутундагы адамдар арасында үгүт жүргүзгөн деп айыпталууда. Косово бийлигинин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кармалгандар арасында Приштина шаарынын башкы мечитинин имамы Шефкет Красничи жана Митровица, Печ шаарларынын имамдары бар. Ошондой эле ашынган динчил "Ислам биримдиги" саясый партиясынын лидери Фауд Рамичи да камалды.

Аларга "Косовонун конституциялык түзүлүшүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаратууда" деген расмий айып тагылды.

Август айында да Косоводо исламчыл радикал согушкер топторго үгүттөгөн деген шек менен 40 киши кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG