Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Жогорку Сот акыйкатчынын сынына жооп кайтарды


Жогорку Сот акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин сот системасына айткан сыны боюна билдирүү таратты. Акыйкатчы Аманбаев 16-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, тергөө абактарында жүздөгөн адамдар мыйзамсыз кармалып турганын айтып чыккан. Алардын иши сотто каралбай создугууда. Акыйкатчы буга сот системасындагы коррупция себеп болуп жатканын билдирген.

Жогорку Сот Аманбаевдин бул дооматтары негизсиз экенин айтып, такталган маалыматты таратууга үндөдү.

"Тилекке каршы, сот системасында көптөгөн маселелер бар. Акыркы окуялар көрсөткөндөй, бардык эле судьялар өз милдетин жоопкерчилик жана ак ниеттик менен аткарышпайт. Бирок мындай бүткүл сот системасын айыптоого негиз бербейт" деп айтылат кайрылууда.

Акыйкатчы болсо мындай жыйынтыктар акыйкатчы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде белгилүү болгонун билдирди.(BkA)

XS
SM
MD
LG