Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Жасалма документ жасаган нигериялыктардын соту башталды


Кыргызстанда жасалма документ жасады деп айыпталган Нигериянын төрт жаранынын үстүнөн сот башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Нигериянын жарандары апрел айында кармалган. Алар Бишкектеги англис тилин үйрөтүү курстарынын биринде мугалим катары иштеп жүрүшкөн. Алар кыргыз жарандарына АКШ жана Европа өлкөлөрүнө жумуш таап берүүнү убада берип, жасалма документ сатып жүргөн.

Бул боюнча “Жасалма документ жасоо” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, алар УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Аталган иш тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Учурда иш сотто карала баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG