Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Шотландияда эгемен болуу үчүн референдум өтүүдө


Референдумда шайлоочулар “Шотландия көз карандысыз мамлекет болушу керекпи?” деген бир гана суроого “ооба” же “жок” деп жооп бериши керек. Буга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, шотландиялыктардын 52 пайызы Британиянын курамында калууну каалай турганын айтышкан. Калган бөлүгү эгемен болууну колдошкон.

Эгер шайлоочулардын басымдуу бөлүгү “ооба” деп жооп берсе Шотландия 2016-жылдын мартынан баштап 307 жыл курамында жүргөн Британиядан бөлүнөт.

Айрым шотланд эксперттери эгемендикти колдобой турганын, референдумда улутчулдар жеңсе, өлкөнүн экономикалык, каржылык абалынын келечеги белгисиз болорун эскертишүүдө. Эгер Шотландия көз карандысыздыгын жарыяласа, Испаниядагы каталондор менен басктар, түркиялык күрттөр, Кытайдын курамындагы тайвандыктар, Франциядагы тироль жана корсикалыктар, Германиядагы бавариялыктар да ушул кадамга барышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Референдумдун алдын-ала жыйынтыктары 19-сентябрдын таңында жарыяланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG