Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Мамдума чет элдик медианы чектөөнү карайт


Орусиянын Мамлекеттик Думасы чет элдик маалымат каражаттарды каттоодо чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 23-сентябрда карайт. Мындай чечим төмөнкү палатанын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Мыйзам долбоорго ылайык, башка мамлекеттин жараны, эл аралык уюм Орусияда катталган маалымат каражаттарынын уставдык капиталынын 20 пайыздан ашуунуна ээлик кыла албайт. Мындай чектөө орусиялык, бирок башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга да тишелүү. 2017-жылдын 1-январына чейин бул норманы аткарбаган ММКлардын иши токтотулат.

Мамдуманын төрагасы Сергей Нарышкин бул мыйзам долбоор өлкөнүн суверендүүлүгүн коргоо максатында иштелип жатканын билдирди. “Ведомости” гезити бул өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, Орусиядагы маалымат каражаттарынын жарымынан көбү ушул чектөөгө кабыларын жазды.

Өткөн жылы депутат Евгений Федоров чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарды чет элдик агенттердин катарына кошуу демилгесин көтөргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG