Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Оторбаев: Түштүккө газдын өчүрүлүшү саясий маселе болду


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Премьердин билдиришинче, Өзбекстандын өлкө түштүгүнө газды өчүрүшү экономикалык эмес, саясий маселе болуп калды. Коңшу өлкө бул боюнча өкмөттүн кайрылуусуна жооп бербей, сөзгө келбей койгон.

- Бул маселени чече албай жатабыз. Өзбекстан бизге эч кандай жооп бербей жатат. Бирок “Кыргызгаз” “Газпромго” сатылган соң өлкөнү газ менен камсыз кылуу милдети аларга жүктөлгөн. Компания кырдаалды түшүнүп, бизге колунан келишинче жардам берип жатат, - деди Оторбаев.

Быйыл апрелде “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен “Газпромго” сатылган. Андан көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, аймактын калкы азыркыга чейин газсыз отурат.(BkA)

XS
SM
MD
LG