Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Порошенко: Украина АКШнын жардамына муктаж


Украина президенти Петро Порошенко бул тууралуу АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал “Украинанын аймагын басып алганы үчүн” Орусияга карата кошумча санкцияларды киргизүүнү өтүндү. Өз өлкөсүнө жардам керек экенин айткан президент, Украинада тынчтыкты сактап калуу негизги максат экенин белгиледи. Ошондой эле Крымдын аннексияланышын катуу айыптап, Украина Крымдын оккупацияланышын эч качан тааныбай турганын айтты. “Орусиянын аракеттеринен улам жаңы коркунучтар жаралууда”, - деди ал.

Порошенко АКШга расмий сапар менен бүгүн барган. Ал мамлекеттик катчы Жон Керри менен жолукту. Президент Барак Обама менен да жолугары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG