Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

АКШ Украинага 53 млн. долларлык жардам көрсөтөт


АКШ Украинага жалпы суммасы 53 млн. долларлык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Эл аралык иштер боюнча сенатынын маалымат кызматы билдирди. Бул каражаттардын 7 миллиондон ашууну Украинанын чыгышындагы жаңжалдарда жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдарга берилет. Калган 46 млн. доллар аскерлерге жана чек арачыларга бөлүнөт. Буга чейин АКШ Украинанын коопсуздугун камсыз кылууга 70 млн. доллар бөлүнөрүн айткан.

26-27-сентябрда Украинага барчу делегацияны АКШнын соода министри Пенни Прицкер башкарары айтылууда. Анда өлкөнүн экономикасын көтөрүү жолдору бизнес чөйрө менен бирге талкууланат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG