Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

“Курманжан датка” тасмасын 70 миң адам көрдү


“Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасын 31-августтан бери 70 миң көрүүчү көрдү. Бул тууралуу мамлекеттик кинофонд мекемесинин башчысы Урмат Айталиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларында бул тасманы көрүүгө ашыккандардын аягы сууй элек. 200-250 сомдон сатылган билеттен түшкөн каражат 15 миллиондон ашкан.

Толук метраждуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильмин тартууга үч жылдай убакыт кетти. Мамлекеттик деңгээлде каралган бул долбоорго 70 миллион сомго жакын акча жумшалган. (UEz)

XS
SM
MD
LG