Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Кулов жети министрликти жоюуну сунуштады


“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов өкмөт курамындагы жети министрликти кыскартууну сунуштады. Ал мындай оюн бүгүн, фракция жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү өкмөт курамындагы 15 министрлик жана 1 мамлекеттик комитет жыл сайын алмашып, натыйжалуу иштебей келет. Андыктан сандан сапатка өтүү заман талабы.

“Ар-намыс” фракциясынын сунушу боюнча өкмөт курамын премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, аппарат жетекчиси, чек ара боюнча вице-премьер-министр, өнүгүү жана соода боюнча вице-премьер-министр жана инфраструктура боюнча вице-премьер-министр толукташы керек. Министрликтерден каржы, өнүгүү жана соода, билим берүү, коргоо, ички иштер, юстиция, тышкы иштер жана улуттук коопсуздук боюнча комитеттен башкасынын баары кыскарат.

Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөт курамында төрт вице-премьер-министр, 15 министр жана 1 мамлекеттик комитет бар. (UEz)

XS
SM
MD
LG