Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:12

Орусиянын чыгышында ири аскердик машыгуу башталды


Орусиянын чыгышында «Чыгыш-2014» стратегиялык машыгуусу башталды. Ага, орус Коргоо министрлигинин маалыматында, 100 миңге жакын аскер кызматкери катышууда.

Чыгыш аскердик округдун жыйырмадан ашуун жөө, суу жана аба полигондорунда машыгуулар 25-сентябрга чейин өтмөкчү. 1,5 миң танк, 120 учак, 5 миң курал-жарак жана атайын аскердик техника, 70 кеме колдонулат.

Өткөн аптада президент Владимир Путин Чыгыш аскердик округдун күжүрмөн даярдыгын текшерүүнү буйруган болчу. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG