Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Азия оюндарына 115 кыргыз спортчусу катышууда


Бүгүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарында XVII Азия оюндары башталды. Бул оюндарга Кыргызстандан спорттун 20 түрү боюнча 115 спортчу катышууда. Учурда Кыргызстандын курама командасы азыр жүрүштөн өтүүгө даярдык көрүп жатканын Дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлү Канат Арпачиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртеңден тарта кыргыз спортчулары дзюдо, ушу, оор атлетика боюнча мелдешке катыша баштайт. Ал эми футбол боюнча мелдеш кечээ башталып, таймаштын Н тобунда Кыргызстандын курамасы Ирандын футболчулары менен 1-1 эсебинде тең чыккан.

Кыргыз өкмөтү бул мелдештен алтын медал алган спортчуга 1 миллион 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, ал эми үчүнчүлүктү багындыргандарга 500 миң сом байге сайган.(BkA)

XS
SM
MD
LG