Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Симферополдогу крым-татар китепканасы жабылды


Орусия аннексиялап алган Крымдын бийлиги Симферополдогу крым-татар китепканасын жаап койду. 19-августта жергиликтүү администрация крымдык республикалык китепканаларды жоюп, мамлекеттик бюджеттик мекемелерди ачуу тууралуу токтом чыгарган болчу.

Ал арада Крымда жашаган түпкүлүктүү элдерди изилдөө жана колдоо фондунун президенти Надир Бекиров ага кол салуу болуп, белгисиз адамдар паспортун жана чөнтөк телефонун тартып алышканын "Азаттыкка" билдирди. Анын пикиринде, бул Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йоркто 22-23-сентябрда өтө турган түпкүлүктүү калктар боюнча эл аралык конференцияга катыштырбоо аракетине байланыштуу жасалган иш болушу ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG