Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:07

Жалал-Абадда ИИМ кызматкерлери арасында мелдеш өттү


Ички иштер министрлигинин демилгеси менен кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесин утурлай Жалал-Абад шаарында генерал Эргеш Алиевдин жаркын элесине арналган “Алыш” күрөшү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Кеңешбек Манапбеков “Азаттыкка” билдирди.

- Республикалык турнир милиция кызматкерлеринин арасында алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Анын максаты - кылмыштын алдын алуу, өздүк курамдын даярдыгын жогорулатуу, жаш өспүрүмдөрдү мекенчилдикке тарбиялоо, - деди Манапбеков.

Жети дубандан 100дөн ашык сопртчулар катышып, жыйынтыгында Жалал-Абад ОИИБнын спортчулары 1-орунга жетишип, баалуу байгелер менен сыйланышты.(RsK)

XS
SM
MD
LG