Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:36

Подмосковьеде тажик жараны полициянын колунан каза тапты


Подмосковьенин Солнечногорск районунда Тажикстандын жаранын сабап өлтүрдү деген шек менен үч полиция кызматкери колго түшүрүлдү.

Орусиянын Ички иштер минисрлигинен кабарлашкандай окуя 17-сентябрда полициянын жергиликтүү бөлүмчөсүндө болгон. Маалыматка ылайык, 17-сентябрда алты жаштагы кызга зордук-зомбулук болгонун айтып, ата-энеси полицияга арызданган. Бул аракетке шектүү катары Тажикстандын 39 жаштагы жараны кармалган. Кылмышка шектүү тажик жаранынын жансыз денеси полиция бөлүмүнөн жума күнү табылган.

Кармалган полиция кызматкерлеринин бири аймактагы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана экөө анын кол алдындагы кызматкерлер экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG