Баш калаадагы бала бакчаларда тамак-аш тартыш болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин депутаты Аликбай Сариев маалымдады. Анын айтымында, Социалдык суроолор боюнча комитет шаардагы бала бакчаларды кыдырып нан, сүт жана эт азыктары жетишсиз экенин аныкташкан.
- Мындай текшерүүгө шаардыктардан келип түшкөн арыздар негиз болгон,- дейт Сариев.
Бирок Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мээрманова бала бакчалар тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз болуп жатат деп ишендирүүдө. Борбордогу 80ге жакын бала бакчада 30 миңден ашуун бала тарбияланат. (TSh)